23 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков «Physee» инновациялык өнөр жай компаниясынын директору Фердинанд Грапперхаус менен жолугушту
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында «Physee» (Нидерланды) айнек компаниясынын директору Фердинанд Грапперхаус менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айнек өнөр жайындагы биргелешкен кызматташтыктын, ошондой эле инновацияларды киргизүү жана энергиянын альтернативдик булактарын алга жылдыруу келечектери талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр менен жолукту
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23 январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында Эларалык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Мауэр менен кезгишти. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темасы жана мындан кийинки перспективасы талкууланды. Өкмөт башчы Питер Мауэрге Кыргызстандагы түрдүү гуманитрадык программаларды ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазчылык билдирди. Премьер-министрдин айтымында Кызыл Кресттин ишмердүүлүгү Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун аянтчаларындагы сессиялардын биринде сөз сүйлөдү
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында «Линейдик эмес дүйнө үчүн экспоненциалдык чечимдер» сессиясында сөз сүйлөдү. Аталган сессиянын ишине «Microsoft», «HP», «UPS» сыяктуу жана башка дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Сессиянын жүрүшүндө компаниялардын санариптик трансформацияланышындагы аналитикалык маалыматтардын орду талкууланды. Өз сөзүндө Өкмөт башчы катышуучуларга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар менен жолугушту
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар менен жолугушту. Өкмөт башчы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерде өнүгүү орун алып жаткандыгын баса белгиледи. Премьер-министр индиялык тарапка дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, Улуттук онкология и гематология борборунда «Бабатрон 2» нур Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Швейцариянын Мамлекеттик экономика министри Йоханн Шнайдер-Амманн менен жолугушту
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-январда, Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Швейцария Конфедерациясынын Мамлекеттик экономика министри Йоханн Шнайдер-Амманн менен жолугушту. Жолугушууда актуалдуу темалар, ошондой эле кыргыз-швейцар кызматташтыгынын келечектүү тармактары талкууланды. Өкмөт башчы кыргыз тарап мамлекеттер аралык эки тараптуу өз ара мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин баса белгиледи. Премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышына катышты
23
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ачылышына катышты. Иш-чаранын ачылышына карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун Аткаруучу директору Клаус Шваб сөз сүйлөдү. Бүгүн, 23-январда, экономикалык форумдун ишинин алкагында Өкмөт башчы беш сессиянын ишине катышат. Мындан тышкары, Колумбия университетинин улук аткаручу вице-президенти Джеральд М. Росберг, Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР