Бирдин айы 2018 айынын архиви

Премьер-министр Сапар Исаков: «Эсенгул Өмүралиев өлкө кызыкчылыгын коргогон чыныгы патриот болгон»
27
Бирдин айы

«Эсенгул Өмүралиев өлкө кызыкчылыгын берилүү менен коргогон чыныгы патриот болгон», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмери Өмүралиев Эсенгул Касымовичтин жарандык аза күтүү тажиясында. Өкмөт башчы Эсенгул Өмүралиевдин бүткүл өмүр жолун Ата мекенге кызмат кылууга арнагандыгын баса белгиледи. Өзүнүн эмгек жолунда ал ар кыл жоопкерчиликтүү Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Бабатрон II» аппаратынын ишке берилишинин ачылыш салтанатына катышты
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборундагы «Бабатрон II» гамма-терапевттик аппараттын ишке берилишинин ачылыш салтанатына катышты. Өз сөзүндө Өкмөт башчы Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Сависри аркылуу индиялык тарапка жогоруда аталган медициналык аппаратты орнотуудагы өз учурундагы көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Уландысы

Өкмөт белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эсенгул Өмүралиевдин тажыясын уюштуруу жана сөөгүн жерге берүүгө байланыштуу бардык маселелерди өзүнө алды
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эсенгул Касымович Өмүралиевдин тажыясын уюштуруу жана анын сөөгүн жерге берүүгө байланыштуу бардык маселелерди өзүнө алды. Белгилесек, Эсенгул Өмүралиев узакка созулган оорудан соң 68 жаш курагында дүйнө салды. Өз эмгек жолун 1973-жылы Фрунзе политехникалык институтунун энергетика бөлүмүн аяктагандан кийин, Электромеханика илимий-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп баштаган. Эсенгул Өмүралиев Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаган 2 жашар кызды дарылоо үчүн 100 000 сом бөлдү
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан жол кырсыгынын натыйжасында жубайы каза таап, ал эми эки жашар кызы ооруканага түшкөн Жыргалбек Чотонов үчүн 100 000 сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Эскерте кетсек, Жыргалбек Чотоновдун эки жашар кызы 2018-жылдын 9-февралында Бишкек шаарынын Витебск жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобустун айдоочусу коюп кеткендиктен Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтун көрүп келди
23
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 23-февралда, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтун көрүп келди. Өкмөт башчы Сапар Исаков Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин жана аскер институнун курсанттарын Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Премьер-министр Сапар Исаков өз сөзүндө мекенди коргоочулар Кыргызстандын бекем тиреги жана коргоочусу катары саналаарын белгиледи. «Сиздер республикабыздын чыныгы Уландысы

Аймактарды өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү талкууланды
23
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө 22-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда региондорду өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн параметрлерин талкуулоо болду. Жумушчу топтун талкуусунда белгиленгендей,  региондордун өнүгүү деңгээли мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан камсыздала турган стандарттар аркылуу аныкталат. Атап айтканда, азыркы учурда ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча стандарттар тегиз камсыздалбаган, натыйжада, Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады
23
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.  Өкмөт башчысынын куттуктоо тексти:  «Урматтуу жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер, офицерлер жана генералдар! Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн атынан Сиздерди – Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм! Элибизде аскердик кызматка илгертеден бери болгон сый жана кадырлуу мамиле калыптанып калган. Себеби, элибиз ѳзүнүн бай тарыхында нечендеген Уландысы

Мамлекеттик инвестициялар программасын тийиштүү аткарбагандыгы үчүн бир катар министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды
22
Бирдин айы

2017-жылга Мамлекеттик инвестициялар программасын аткаруу жыйынтыгы боюнча өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды. Тийиштүү чечим бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.  2017-жылга Мамлекеттик инвестициялар программасынын аткарылышы тууралуу вице-премьер-министр Санжар Муканбетов баяндама жасады. Анын айтымында, акыркы жылдары белгиленген программаны аткарууда терс көрүнүштөр байкалды. «2017-жылдын ичинде Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында Уландысы

1 2 3 4 11
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР