2 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 2-февралда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды. Премьер-министр Сапар Исаков Дмитрий Медведевди Россия Федерациясынын Евразиялык экономикалык биримдикте 2018-жылы төрагалык кылуусу менен куттуктады. «Россиялык тараптын бардык Уландысы

Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
2
Бирдин айы

Казакстан Республикасынын Алматы шаарында бүгүн, 2-февралда, Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча интеграциялык бирикме алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Тактап айтканда, төмөнкү документтерге кол коюлду: 1. Санарип боюнча тапшырма. 2. Кант боюнча тапшырма. 3. «Авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча органды түзүү боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» – Буйрук. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Бүгүнкү күндө биздин кызматташтыктын актуалдуу багыттарынын бири ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу болуп саналат»
2
Бирдин айы

«Бүгүнкү күндө биздин кызматташтыктын актуалдуу багыттарынын бири ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-февралда, Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген жыйынында. Өкмөт башчы россиялык тарапты Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) органдарындагы төрагалыкты кабыл алуусу менен куттуктап, тар форматтагы жолугушуу алкагында кеңешменин күн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алматы шаарында, бүгүн, 2-февралда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Тар чөйрөдөгү кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды: 1. ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү жана макулдашылган саясатты жүргүзүү механизмдери тууралуу. 2. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кант рыногунда түзүлгөн кырдаалды талдоо жөнүндө. 3. Авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча органдарды Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Кыргызстан ресурстарын мобилизациялап, бардык күч-аракетин жогорку технологиялык коомчулукту түзүүгө багыттады»
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-февралда, Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» Эл аралык форумуна катышууда. Өкмөт башчы бүгүнкү тема Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешин өткөрүү алдында абдан актуалдуу деп белгиледи. Анын пунктарынын бири болуп Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин ишке ашыруу маселеси эсептелинет. «Кыргызстан ресурстарын мобилизациялап жана бардык аракеттерин Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бүгүн, 2-февралда өтүүчү кеңештин жыйынында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, интеграциялык биримдикти өнүктүрүү жана анын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү маселелерин карашат. Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги макроэкономикалык абал, Биримдик өлкөлөрү ортосундагы Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР