5 Бирдин айы архиви

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиялык жыйынына катышты
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиялык жыйынына катышты. Коллегиялык жыйында 2017-жылы аткарылган иштер жана 2018-жылга коюлган маселелер каралды. Ведомство жетекчилеринин 2017-жылда аткарылган иштери тууралуу докладдарын угуп, вице-премьер-министр инспекция малды идентификациялоо боюнча алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын белгиледи. Аны менен катар ал жакын арада чечүүнү талап Уландысы

Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталууда
5
Бирдин айы

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Аталган чечим бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө процедурасын жеңилдетүү максатында кабыл алынды.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Уландысы

“Ош базары” соода комплексинин аймагындагы өрттүн кесепетинен келген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси өттү
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында бүгүн, 5-февралда, Бишкек шаарында 2018-жылдын 30-январында “Ош базары” соода комплексинин аймагында орун алган өрттүн кесепетинен келген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында жабыркаган ишкерлердин бардык зарыл документтерин чогултуу маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле жабыркаган субьектилерди колдоо боюнча кошумча механизмдерди иштеп чыгуу маселеси Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен жолугушту
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен жолугушту. Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына дейре КМШга мүчө-мамлекеттердин тарифтик саясатына ылайык, Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнүн станцияларына транзиттик багыт алган жана кайрадан артка ташылган жүктүн бардык Уландысы

Эдуард Турдалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Турдалиев Эдуард Климович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жалпы жамаатына жаңы орун басарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси –министр Нурханбек Момуналиев тааныштырды. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басарынын кызматындагы Эдуард Турдалиев “Таза коом” программасынын ишке ашышын көзөмөлдөйт. Дайындалганга Уландысы

Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалдын жаралыш себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы түзүлдү
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абалдын жаралыш себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы түзүлдү. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон. Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык ЖЭБде 2018-жылдын январь айында орун алган штаттан тышкаркы абалдын жаралыш себептерин аныктоо тапшырылды. Ведомство Уландысы

Сапар Исаков: «МБК реформалоонун алгачкы жыйынтыктары: 2018-жылдын январь айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрү дээрлик эки эсеге көп жыйналды»
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков КР Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) төрагасы Кубанычбек Кулматов менен кызматтын 2017-жылкы ишинин, ошондой эле 2018-жылдын январь айынын жыйынтыктарын талкуулады. Баяндаманын жүрүшүндө Кубаныбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди: «Сиздин тапшырмаңыз боюнча биз акыркы бир жарым ай ичинде бажы төлөмдөрүн администрациялоо тутумун жакшыртуу үстүндө күчтөндүрүлгөн иш Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР