11 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков дүйнөлүк ири порт операторлорунун бири “DPWorld” өкүлдөрү менен биргелешкен кызматташуунун келечегин талкуулады
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарында (БАЭ) дүйнөлүк ири порт операторлорунун бири “DPWorld” өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында биргелешкен кызматташуунун келечеги жана компаниянын жакынкы арадагы инвестициялык планы талкууланды. Тараптар «DPWorld» компаниясынын адистери Кыргызстандын ички рыногунун келечектүү тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгуусу тууралуу макулдашышты. «DPWorld» – Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Кыргызстандын Өкмөтү жана ИӨБ тыгыз кызматташуусун өнүктүрүүгө даяр»
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х. Аль-Хаджар менен жолукту. Өкмөт башчы Кыргызстан ИӨБ менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 10-15 жылга Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков БАЭнын Өкмөт жетекчиси, Дубайдын башкаруучусу менен эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү жана ар-кыл Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков ЭВФ тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков жана Кристин Лагард  Кыргыз Республикасы жана Эл аралык валюталык фонддун ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, экономикалык абалды жана учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулады. Эл аралык валюталык Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту. Жолугушууну ачып жатып, Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасы Абу Даби өнүктүрүү фонду менен учурдагы кызматташтыкты арттырууну сунуштады. «Фонд менен Араб Кординациялык Топтун алкагында өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбабыз бар. Аны менен Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Фуджейра эмиратынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки менен эки тараптуу ишкерлик байланыштарды чыңдоо чараларын талкуулады
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Фуджейра эмиратынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ар кыл тармактагы эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы эки өлкөнүн бизнес-түзүмдөрү ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи. Премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Абу-Дабинин канзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулады
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Дубай шаарында Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана чаралары талкууланды. Тактап айтканда, тараптар өлкөнүн ички рыногуна инвестицияларды тартуу, ошондой эле өз-ара авиакаттамдарды жакшыртуу маселелерин талкуулады. Өкмөт башчы кыргыз тарапка Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Дубайдагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында панелдик сессияда сөз сүйлөдү
11
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Жиреп чыгуу» – чакырыктар жана мүмкүндүктөр» панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы технологиялар ар бир мамлекеттин жана жалпы дүйнөнүн өнүгүүсүнүн учурдагы жана пайда болуучу көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Анын айтымында, аларга энергия, азык-түлүк, Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР