12 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаковдун БАЭге барган жумушчу сапарынан фоторепортаж
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 10 -11 -февралда өткөн Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин алкагында 17 эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Премьер-министр панелдик дискуссияда сөз сүйлөдү жана Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин параллелдик сессиясына катышты, Дубай ш. полициясынын Штаб-квартирасында, «Smart Police Station» полициялык участогунда, «Burjeel» медициналык клиникасында жана «Келечектин музейинде» болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен Уландысы

КР Премьер-министри Сапар Исаков жана Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани кызматташуу тууралуу макулдашты
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын (Investment Corporation of Dubai) аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле финансы, кыймылсыз мүлк, өнөр жай, энергетика жана транспорттук коммуникация тармагындагы айрым долбоорлорду талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Дубайдын Инвестициялык корпорациясы тарабынан жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашуусу орун алды, аталган Уландысы

Семетей Черикбаев Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Черикбаев Семетей Мырзабекович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Жанбоев Түгөлбай кызмат орунунан бошотулду
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администарция башчысы – аким Жанбоев Түгөлбай Кадыкеевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Премьер-министр Сапар Исаков жүргүнчүлөр учагы кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жүргүнчүлөр учагынын кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Төмөндө телеграмманын текстин келтиребиз: «Россия Федерациясынын Москва областынын аймагында 2018-жылдын 11-февралында орун алган «Саратов авиалиниялары» авиакомпаниясынын учагынын кыйроосунун натыйжасындагы көптөгөн адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», – деп айтылат телеграммада. Премьер-министр Сапар Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР