13 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы орто мектептин расмий ачылышына катышты, ошондой эле облустун бир катар социалдык обьектилерин кыдырды
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Орозбеков айыл округундагы орто мектептин расмий ачылыш салтанатына катышты. Салтанатта Өкмөт башчы белгилегендей, мугалимдердин ишинен көп нерсе көз каранды болуп саналат. «Биздин балдарды өнүктүрүүгө кошкон салымыбыздан Кыргызстандын келечеги көз каранды. Балдар келечекте биздин өлкөнү өнүктүрүүсү жана анын атын алыска чыгаруусу үчүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышты
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышты. Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев аймактын 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салимжан Хамрабаев аймакты Уландысы

Премьер-министр Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аяр катмардагы үй-бүлөнүн абалынан кабар алды
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Учурда Тазагүл Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялоодо, анын эң кичүүсү 4 жашта. Анын жолдошу, чабандык кесипти аркалаган Акыл Зулпуев 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан Уландысы

Премьер-министр Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Өкмөттүн аймактагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы. Мындан тышары, Өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат. Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР