14 Бирдин айы архиви

Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды
14
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Шаикова Алина Кавылбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисиинин орун басары Эдуард Турдалиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын жамаатына жаңы төрайымын тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
14
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Догоев Дастан Давлетович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү

Бишкек шаардык ЖЭБ ишиндеги технологиялык бузулууларды иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылды
14
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астындагы Бишкек шаардык ЖЭБинде штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык ЖЭБ ишиндеги технологиялык бузулууларды иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылды. Комиссия мүчөлөрү Бишкек шаардык ЖЭБ цехтерине баруу менен технологиялык жабдуунун иши, жылуулук менен камсыздоо боюнча абал менен таанышып, буу казандарды Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР