19 Бирдин айы архиви

Ведомстволор аралык комиссия Бишкек шаардык ЖЭБде штаттык эмес абалдын жаралуусуна күнөөлүү бир катар жактарды ээлеген кызматынан бошотууну сунуштады
19
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астындагы Бишкек шаардык ЖЭБинде штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиясы бүгүн, 19-февралда, Бишкек шаардык ЖЭБинде 2018-жылдын 26-январында орун алган абалга тийиштиги бар бир катар жактарга карата чараларды кабыл алууну сунуштады. Биринчи вице-премьер-министр Бишкек шаардык ЖЭБинде 2018-жылдын 26-январында орун алган абалга комментарий берүүдө белгилегендей, Уландысы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жана Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады
19
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Өкмөт башчы Европа Биримдигине өлкөдөгү шайлоо тутуму, билим берүү жана укук үстөмдүгү жаатындагы реформаларды үзгүлтүксүз колдоого алуусу үчүн ыраазычылык билдирди. «Өкмөт жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу реформаларды аныктады. Биринчи кезекте реформалар бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызмат өкүлдөрүн финансы полиция органдарынын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толушу менен куттуктады
19
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын финансы полициясынын органдарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өкмөт башчы куттуктоо сөзүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ардагерлерине жана жеке курамына ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү ишти камсыздоонун өзгөчө манилүүлүгүн белгилеп кетти. Премьер-министр жарандардын бакубатчылыгы жана өлкөнүн Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Тынчтык корпусунун тхэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юнду кабыл алды
19
Бирдин айы

Премьер-министр Сапар Исаков «Тынчтык корпусунун тхэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юнду кабыл алды. Өкмөт башчы белгилегендей, кореялык спорттук делегациянын Кыргызстанга сапары өлкөдөгү тхэквондо өнөрүнүн кеңири өнүгүүсүнөн жана жайылтылгандыгынан кабар берет. «Тхэквондо өсүп келе жаткан муундун ден-соолугун чыңдоого, тартибин калыптандырууга жана рухий дүйнөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Спорттун аталган түрү ар бир мамлекеттин улуттук Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР