22 Бирдин айы архиви

Мамлекеттик инвестициялар программасын тийиштүү аткарбагандыгы үчүн бир катар министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды
22
Бирдин айы

2017-жылга Мамлекеттик инвестициялар программасын аткаруу жыйынтыгы боюнча өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды. Тийиштүү чечим бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.  2017-жылга Мамлекеттик инвестициялар программасынын аткарылышы тууралуу вице-премьер-министр Санжар Муканбетов баяндама жасады. Анын айтымында, акыркы жылдары белгиленген программаны аткарууда терс көрүнүштөр байкалды. «2017-жылдын ичинде Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги кеңешмеси
22
Бирдин айы

Бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеде өлкөнүн 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыгы, 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары жана өлкөнүн ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсүнүн эки жылдык жыйынтыгы каралды. Мындан тышкары, кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Уландысы

Маморгандардын бир катар жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды
22
Бирдин айы

Мамлекеттик органдардын 2015-2015-жылдардагы Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чараларынын планын аткаруунун жыйынтыктары менен бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги отурумунда кабыл алынды. Сөгүш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун Уландысы

2015-2017-жылдарга Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын аткаруу жыйынтыктары каралды
22
Бирдин айы

Бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары каралды. 2015-2017-жылдарга Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баяндама жасады. «Коррупцияга каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер бир катар оңдуу натыйжаларды берди, анын катарында дээрлик бардык мамлекеттик органдарда коррупциянын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: «Өсүү темпи экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталууда»
22
Бирдин айы

«2017-жылкы экономикалык өсүш күтүлгөндөн жогору болду. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз Республикасынын  экономикалык өсүүсү боюнча алгачкы позицияларды ээлегенин белгилеп кетким келет. Өсүү темпи экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталууда», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинин жүрүшүндө. Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылдын жакшы жыйынтыктарына карабастан, алдыбызда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаңы Уландысы

2017-жылы экономиканын өсүшү 4,5 % түздү
22
Бирдин айы

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 493,3 млрд сомду түзүп, өлкө экономикасынын өсүшү 4,5 % түздү. Бул туурасында бүгүн, 22-февралда, өлкөнүн 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинин жүрүшүндө маалым болду. Баяндама менен чыккан экономика министри Артем Новиков билдиргендей, экономиканын бардык тарамактары тарабынан экономикалык өсүш камсыздалган, анын ичинде: айыл чарбада өсүү көлөмү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР