26 Жалган куран архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Веньцай менен жолукту
26
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-мартта, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Веньцай менен жолукту. Өкмөт башчы АӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу жардамын көрсөтүп, өлкөнүн маанилүү өнөктөшү болуп эсептелерин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташуунун пландарын жана келечегин талкуулашты. Премьер-министр «Жаңы доорго кырк кадам» Өкмөттүк программанын негизги багыттары жана аткаруудагы болуп жаткан жыйынтыктары тууралуу айта Уландысы

Чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү
26
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасы боюнча чет элдик жарандардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок жактардын эмгек ишмердигине уруксат берүүчү документтерди алуу процедурасы жеңилдетилди. Аталган чара чет элдик инвестициялардын кошумча көлөмүн, интеллектуалдык ресурстарын тартуу, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана чет элдик жарандардын ишке орношуудагы тийиштүү документтерди берүүдө коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында кабыл алынган. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: “Жарандардын билимдүүлүгү – мамлекетти өнүктүрүүнүн эң негизги пайдубалы”
26
Жалган куран

«Жарандардын билимдүүлүгү – мамлекетти өнүктүрүү үчүн эң негизги пайдубал», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-мартта, мектеп окуучулардын республикалык олимпиадасындагы жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинин жүрүшүндө. Өкмөт башчы өз сөзүндө келечекти тандоодо аңдап-билүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле ата-энелери, мугалимдери, мектеби эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин алдындагы чоң жоопкерчиликти эске салды. «Бүгүн сиздердин жашооңуздагы эң толкундануучу күндөрдүн бири. Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев: Өлкөнүн Өкмөтү Бангладеш менен текстиль тармагында кызматташууга кызыктар
26
Жалган куран

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладеш Улуттук Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Масуд Маннан менен жолукту. Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан соода-экономикалык жаатта Бангладеш менен эки тараптык кызматташууну өнүктүрөөрүн белгиледи.  «Жеңил өнөр жай биздин өлкөдө улуттук экономикадагы келечеги кенен тармактарынын бири болуп саналат. Ушуну эске алуу менен биз тигүүчү  өндүрүштү өстүрүүгө жана даярдалган продукциянын жаңы Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР