2 Чын куран архиви

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бейжинде кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйына катышты
2
Чын куран

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев бүгүн, 2-апрелде, Бейжин шаарында (Кытай Эл Республикасы) соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйына катышты. Комиссиянын тең төрагасы Аскарбек Шадиев аталган аянтча эки тараптык соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикирлер менен ачык алмашууга, ошондой эле өз ара пайдалуу чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк түзөт деп белгиледи. «Бүгүнкү Уландысы

Гуламжан Анарбаев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы кызматынан бошотулду
2
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү  

Премьер-министр Сапар Исаков «Air Arabia» компаниясынын башкы директору менен авиация жана туризм жаатындагы кызматташуунун келечектерин талкуулашты
2
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-апрелде, «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолукту. Жолугушуу Өкмөт башчынын 2018-жылдын 11-февралындагы Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Адель Абдулла Али менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйындыгы боюнча чакыруусунан улам ишке ашты. Жолугушуунун жүрүшүндө авиция жана туризм жаатындагы биргелешкен кызматташтыктын келечектери талкууланды. Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков: Мыйзам бардыгына бир. Жолдордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуудагы мыйзамдардын нормаларын аткарууда жеңилдиктер болбойт
2
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-апрелде, Бишкектин автоунаа ишканаларынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин башында Өкмөт башчы Бишкек шаарынын тургундарына траспорттук кызмат көрсөтүүнүн токтошу бир нече себептерге байланыштуу, бирок жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда мыйзамдардын аткарылышы жеңилдетүүсүз өтүшү керек деп белгиледи. «Мыйзам бадыгына бир жана эч кимге жеңилдиктер берилбейт. Мыйзамдардны нормаларын баарын Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын юстиция министри Уран Ахметовду кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү
2
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын юстиция министри Уран Ахметовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго КР юстиция министри Уран Ахметовдун берилген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотуу жана боюнча сунуштама жөнөттү.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР