8 Чын куран архиви

Кыргызстан менен Өзбекстандын Премьер-министрлери ортосунда телефондук сүйлөшүү болду
8
Чын куран

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Өкмөт башчылар 7-апрелде кыргыз-өзбек чек арасында 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Ф.М. өлүмүнө алып келген инцидентти талкуулашты. Тараптар дүйшөмбү күнү, 9-апрелде, эки өлкөнүн чек ара кызмат жетекчилеринин, ошондой тийиштүү ведомстволордун  деңгээлинде жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашты. Биргелешкен жумушчу топ Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков православ христиандарын Христостун кайра жаралуу күнү менен куттуктады!
8
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков православ христиандарын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Христостун кайра жаралуу майрамы менен куттуктады! Өкмөт башчынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: «Урматтуу мекендештер, Кыргызстандын православ христиандары! Сиздерди, туугандарыңыздарды жана жакын адамдарыңыздарды бүгүнкү Пасха, адеп-ахлактык жаңыланууну туюндурган православ христиандарынын эң башкы майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Мына ушул күнү, кайсы динге ишенгендигине карабастан, ар бир Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков «Таза Жашоо» кампаниясынын алкагында бизнес- ассоциациялар тарабынан уюштурулган ишембиликке катышты
8
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 8-апрелде, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында бизнес-ассоциациялар тарабынан уюштурулган ишембиликке катышты. Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында өткөн иш чарага коомдук, атамекендик компаниялардын өкүлдөрү жана өлкөнүн жарандык сектору катышты. Катышуучулардын алдында сөз сүйлөп жатып, Өкмөт башчы «Таза Жашоо» улуттук кампаниясын жигердүү колдоп жаткандыгы үчүн бизнес өкүлчүлүгүнө Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР