13 Чын куран архиви

Бакытбек Садиров Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
13
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Садиров Бакытбек Абдишукурович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Каныбек Айдаров Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды
13
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Айдаров Каныбек Абдрайович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Премьер-министр пайдаланууга берилип жаткан мектеп имараттарынын сапатын текшерүүнү тапшырды
13
Чын куран

Бүгүн, 2018-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда бир катар мамлекеттик орган жетекчилери менен кеңешме болуп өттү. Жолугушууда өлкөдөгү пайдаланууга берилип жаткан билим берүү мекемелеринин сапатына байланыштуу маселе талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, жалданма-компанияларлы тандоодо ишенимдүү жана финансылык жактан туруктуу курулуш компанияларына көңүл буруу зарыл. «Объектилердин курулушу толук көлөмдө аткарылып, негизгиси – курулган мектептерин сапатына Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларындагы өрт кесепетинен жабыркаган ишкерлерди колдоо боюнча чараларды кабыл алууну тапшырды
13
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 13-апрелде, Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок аймагындагы жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук рыногундагы өрттүн пайда болуу себептерин аныктоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Өкмөт башчыга 12синен 13-апрелге караган түнү эки рыноктун аймагында өрт кырсыгы катталгандыгын маалымдады. «Ош базары» соода-рынок комплексине түнкү саат Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков Беловодское айылындагы Биринчи Май орто мектебинин авариялык имаратынын абалы менен таанышты
13
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 13-апрелде, Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылындагы авариялык абалдагы Биринчи Май орто мектебинин имараты менен таанышты. Аталган мектеп 1930-жылы курулган, бүгүнкү күндө анда 1350 ашуун окуучу билим алат. 2012-жылы техникалык иликтөө өткөрүлүп, натыйжада, мектеп авариялык абалда деп таанылган. Ал эми 2018-жылдын 8-апрелинде нөшөрлөгөн жаандан соң, окуу класстарынын биринин шыбы Уландысы

«Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлдү
13
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «Түндүк» тутумунун алкагында ведомство аралык электрондук өз-ара натыйжалуу аракеттешүүсүн киргизүү максатында түзүлгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, Уландысы

«И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайынын Уставы бекитилди
13
Чын куран

«И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайынын Уставы бекитилди.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-декабрындагы №788 «И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР