17 Чын куран архиви

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 6,4 %га өстү
17
Чын куран

Кыргыз Республикасында пенсиянын орточо өлчөмү 6,4 %га өсүп, 5 миң 401 сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты. «Өлкөнүн адамдык потенциалын сактоо, өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу эң биринчи милдет болуп саналат. Анын тегерегинде Уландысы

2017-жылы укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү 1037 кылмыш иши козголду.
17
Чын куран

2017-жылы укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү 1037 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты. «2017-жылы укук коргоо органдарынын системасын реформалоо жана коомдук тартиптин сакталышын камсыздоо максатында Өкмөт Ички иштер министрлигинин структурасында 6 өз Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ — Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттүн 2017-жыл үчүн ишмердүүлүгү боюнча фракцияларга отчет берүүдө
17
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жыл үчүн ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берүүдө. Өкмөт башчы отчеттук мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетишкендиктери жана приориттери тууралуу баяндама жасады. Атап айтканда, Премьер-министр депутаттарга өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, анын катарында ишке ашып жаткан инфраструктуралык, коррупция менен күрөшүү, кадрдык саясат боюнча Уландысы

Асанова Меерихан Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды
17
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Асанова Меерихан Мийзамовна Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди
17
Чын куран

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 «Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган токтому аны Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР