18 Чын куран архиви

Премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаев менен жолугушту
18
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 18-апрелде, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды. Премьер-министр эки мамлекеттин эли коңшулаш бир тууган элдерден экендигин, буга байланыштуу өлкөнүн Өкмөтү Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи. Өкмөт башчы Уландысы

Зарипа Калматова Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары кызматынан бошотулду
18
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Калматова Зарипа Баратовна Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Исабек Султаналиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
18
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругуна ылайык, Султаналиев Исабек Оморбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү      

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР