19 Чын куран архиви

Премьер-министрдин м.а. Сапар Исаков Чоң-Таш айылындагы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды
19
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сапар Исаков бүгүн, 19-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы 1937-1938-жылкы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган жаран Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды. Өкмөт башчынын м.а. учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи. Сапар Исаков Уландысы

Премьер-министр Сапар Исаков КР Жогорку Кеңешинин Төрагасына депутаттар алдында саат 14.00дө сөз сүйлөө мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен кат жөнөттү
19
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековго Парламенттин депутаттары алдында, бүгүн, саат 14.00дө сөз сүйлөө мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен кат жөнөттү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР