21 Чын куран архиви

Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду
21
Чын куран

Бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалап кетти. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген кыргыз-казак эки Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү
21
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү. Премьер-министр Өкмөт Аппаратынын бийликтин аткаруу бутагынын ишиндеги, атап айтканда, өлкөнүн жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчө ордун баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөттүн жаңы курамынын ишинде мурда бекитилген өкмөттүк программалардагы оңдуу башталыштарды ишке ашыруу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин жааматына Кашкар Жунушалиевди тааныштырды
21
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жааматына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган Кашкар Жунушалиевди тааныштырды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев райондук ички иштер бөлүмүнүн инспекторунан министрлик кызматка чейинки жолду басып өткөн Кашкар Жунушалиевдин чоң иш тажрыйбасын белгилеп өттү. Премьер-министр уюшкан кылымыштуулукка каршы күрөш, кылмыштуулуктун жана укук Уландысы

Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
21
Чын куран

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.  Төмөндө куттуктоонун толук текстин келтиребиз:  «Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм. Россияны жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турат. Мындан аркы соода-экономикалык өз-ара аракеттер, өнөр жай Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду ведомство жамаатына тааныштырды
21
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-апрелде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган Идрис Кадыркуловду тааныштырды. Комитеттин кызматкерлерине кайрылууда, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарындагы Идрис Кадыркуловдун бай иш тажрыйбасын белгиледи. Өкмөт башчы ведомствонун жаңы төрагасына ийгиликтерди каалоо менен катар анын жетекчилиги Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтык милдетин аткарууга киришти
21
Чын куран

Бүгүн, 21-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтык милдетин аткарууга киришти. Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисиинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев окуп берди. Өкмөт башчысын кызмат ордуна тааныштыруу иш чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР