26 Чын куран архиви

«Ош базары» соода-рынок комплексинин жана Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарындагы өрт кесепетинен келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси өттү
26
Чын куран

2018-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок комплексинин жана Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын аймактарында 2018-жылдын 13-апрелинде орун алган өрт кесепетинен келтирилген зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кезектеги кеңешмеси өттү. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы астында өттү. Вице-премьер-министр базарлардагы өрткө байланыштуу бардык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарылдыгын билдирди. «Жабыркагандар – биздин жарандар, алар өз бүлөлөрүн Уландысы

Исабек Султаналиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Султаналиев Исабек Оморбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Болот Суюнбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Суюнбаев Болот Турарович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов менен жолугушту. Өкмөт башчы белгилегендей, жазга маал өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселесине тийиштүү көңүл бурулушу керек, анткени. сел, жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу ар кандай жаратылыш кырсыктарынын ыктымалдыгы күч алат. «Сиздин ишке киришүүчү «убактыңыздын тардыгын» белгилеп кетким келет, анткени, сиздин иш Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталышы тийиш
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышты. Өкмөт башчы министрге маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылган татаал тармак туш келгендигин белгиледи. «Сиздин ишиңиздеги алдыңкы милдеттенмелердин бири катары мамлекет жана эл үчүн ак ниет, ачык-айкын иш алып бара Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР