28 Чын куран архиви

Таалайбек Далбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду
28
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Далбаев Таалайбек Абасканович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Мирслав Аманкулов Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм “Витязь” мамлекеттик ишканасынын директору кызматына дайындалды
28
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Аманкулов Мирслав Акалович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Витязь” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Эмилбек Бусурманкулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
28
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Алмазбек Мусабеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду
28
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Мусабеков Алмазбек Обосбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ ДАП ортосунда Азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну жакшыртуу боюнча кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду
28
Чын куран

Бүгүн, 2018-жылдын 28-апрелинде Бириккен Улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) Кыргыз Республикасында 2018-2022-жылдарга каралган Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышты, БУУ ДАП тараптан документке программанын өлкөлүк директору Андреа Баньоли кол койду. Жолугушуунун жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова тийиштүү министрликтер тарабынан Уландысы

Эмил Жамгырчиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды
28
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Жамгырчиев Эмил Эрикович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматына дайындалды
28
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Таиров Бакир Дуулатович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү  

Өкмөттө Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү
28
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Өкмөт башчы өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда тартылган ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгын белгиледи. «Коюлган милдеттерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашыруудагы жетекчилердин жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертем», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Премьер-министр ошондой эле Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР