Бугу 2018 айынын архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 31-майда, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде эки маселе каралды. Бул – балдардын жайкы эс алуусуна даярдык жана эс алуу учурунда коопсуздукту жана медициналык жардамды камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2018-жылы республикалык бюджеттен жайкы эс алууну уюштуруу үчүн бөлүнгөн 5 млн Уландысы

Адилбек уулу Шумкарбек КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Адилбек уулу Шумкарбек Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Ошол эле учурда Адилбек уулу Шумкарбек буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
31
Бугу

Салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүүнү тездетүүнү тапшырган. Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү киришти. Жумушчу топко төмөнкүлөрдү дыкаттык менен изилдеп, иштеп чыгуу тапшырылды: -             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык процедураларын фискалдаштыруу Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КМШ ӨБК жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 31-майдан 1-июнга чейин өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди. Дүйшөмбү шаарынын аэропортунда Өкмөт башчыны Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Саид Давлатали тосуп алды. Белгилесек, КМШ ӨБК кеңешмеси 1-июнда өтөт, анда Премьер-министрлер КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин жана Уландысы

Өкмөт мектепте 5-11-класстар үчүн окуу китептерин ижарага берүү механизмин баскычтуу киргизүү маселесин кароодо
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине «Жаӊы китеп» мекемесин түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды. «Жаӊы китеп» мекемесинин негизги максаты жалпы билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоо болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мектеп китепканаларындагы окуу  китептеринин 60% ашууну моралдык жактан эскилиги жеткен. Натыйжада, Уландысы

Франциянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
31
Бугу

Франция Республикасынын Премьер-министри Эдуард Филипп Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз. «Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу жылуу куттуктоо менен катар ишиңизге ийгиликтерди каалап кетем. Мен демократиялык процесс алкагындагы сиздин дайындалышыңыз Кыргызстандын өнүгүүсүнө түрткү берет деген ишеним билдиргим келет. Бул мезгил Европалык биримдик жана сиздердин өлкө ортосундагы Уландысы

Өкмөттө Нарын облусунда логистикалык борборду түзүүгө байланыштуу маселелер талкууланды
31
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, логистикалык борборду курууга байланыштуу маселелер талкууланды. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров логистикалык борборду куруу үчүн 200 га жер аянтын бөлүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому бар экендигин белгиледи. «Жаңы логистикалык борбор кичи Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердиги менен таанышты
30
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-майда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердиги менен таанышты. Өкмөт башчыга Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумунун бардык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов бул өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды божомолдоо, алдын ала билдирүү, эскертүү жана кесепеттерин жоюу тутуму үч компоненттен турарын билдирди. Бул – Бирдиктүү маалыматтык нөөмөттүк-диспетчердик 112 Уландысы

1 2 3 16
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР