2 Бугу архиви

Динара Молдошева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды
2
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Молдошева Динара Автандиловна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү
2
Бугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буйрукка ылайык, республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 444 400 (эки жүз төрт миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – биздин салтыбызды, улуттук спортубуздун түрлөрүн жана маданиятыбызды дүйнө жүзүнө даңазалоодо уникалдуу мүмкүнчүлүк
2
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу  иш чараларды өткөрүү Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын кеңейтүүдө жана биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын илгерилетүүдө таасирдүү аянтча болуп калаарын белгиледи. «Кыргыз эли нечен кылымдык тарыхы бар, бай жана кайталангыс маданиятка ээ. Дүйнөлүк көчмөндөр Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР