4 Бугу архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэрине шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелерин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды
4
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-майда, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Өкмөт башчы белгилегендей, Өкмөт тараптан республиканын борбору катары Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Анын айтымында, өлкө жарандарынын көптөгөн социалдык маселелери Бишкек шаарына байланыштуу эсептелет. Премьер-министр акыркы мезгилде шаар тургундарынан Бишкектеги унаа жолдорун куруу схемасы боюнча көптөгөн арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн ишин санариптештирүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
4
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-майда, «Акылдуу шаар» долбоорун, «Түндүк» ведомство аралык өз-ара аракеттешүү тутумун жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө коомдо жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун мааниси жана анын иштөө механизмдери тууралуу так түшүнүк жок. Премьер-министрдин айтымында, тийиштүү мамлекеттик органдар жарандардын суроолоруна так Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР