9 Бугу архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты
9
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 9-майда, 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Өкмөт башчы согуш жылдарында курман болгон аскерлерди жана тынч жарандарды эскерип, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, согуш ардагерлери жана тылдын эмгекчилери менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү

Казакстандын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады
9
Бугу

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында төмөнкүлөр айтылат: «Биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын тайманбаган эрдиги жана баатырдыгы тынчтыкта жана ынтымакта жашоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн терең урматтоо менен алардын алдында башыбызды ийебиз. Биздин көп кылымдык достук байланыштарыбыз мындан ары дагы Уландысы

РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады
9
Бугу

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат: «Ушул майрам күнү биз нацизмге каршы күрөшкөн, келечек муундун жашоого жана эркиндикке карата укугун коргогон аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигин эске салабыз. Согуш талааларында чыңалган достугубуз россия-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы, ошондой Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР