17 Бугу архиви

Молдованын Премьер-министри Павел Филип Мухаммедкалый Абылгазиевди КР Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
17
Бугу

Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: “Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө ийгиликке жетишүүнү жана жарандардын бакубат жашоосун мындан ары жогорулатууну улантарына ишеним билдирем. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы конструктивдүү диалог мындан ары да кыргыз-молдова кызматташууларын өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда Уландысы

Бельгиянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
17
Бугу

Бельгия Королчулугунун Премьер-министри  Шарль Мишель Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында төмөндөгүдөй айтылат: «Сиздин өлкө бакубаттуулугу үчүн жүргүзгөн ишмердүүлүгүңүздө ийгликтердин жаралышын каалайм. Буга катар Сиздин жетекчилигиңиз астында Бельгия Королчулугу жана Кыргыз Республикасы ортосундагы кызматташтык эки өлкө бакубаттуулугу жана дүйнө жүзүндөгү тынчтык жана коопсуздук үчүн биргелешкен иш алып барууда Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Акыркы 5 жылда уран калдыктарын сактоочу жайлардын маселесин чечүү жаатында абалды жакшыртуу боюнча зор иштер жасалды
17
Бугу

Акыркы 5 жылда уран калдыктарын сактоочу жайлардын маселесин чечүү жаатында абалды жакшыртуу боюнча зор иштер жасалды. Бул тууралуу 17-майда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Европа парламентинин депутаты Мишель Риваси менен жолугушууда билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ири уран калдыктарынын бир катары дарыяларга жана суу булактарына жакын жайгашкан. Бул адамдар үчүн кооптуу. Муну эске алуу менен Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы биздин өлкөдөгү демократиялык институттарды бекемдөөгө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдө
17
Бугу

Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (БУУ АУЖКБ) Кыргыз Республикасындагы демократиялык институттарды бекемдөөгө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Нью-Йорктогу БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Кеңсесинин башчысы, БУУнун башкы катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Эндрю Гилмор менен жолугушууда айтты. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдын укуктарын жана эркиндиктерин Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба тармагындагы мамлекеттик органдардын ишин сынга алды
17
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-майда, өлкөнүн айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде жашагандыктан жана алар жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, айыл чарбасы атамекендик экономиканын маанилүү сектору катары саналаарын баса белгиледи. Премьер-министр айыл чарбаны өнүктүрүү – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР