18 Бугу архиви

Өкмөттө жол коопсуздугун камсыз кылуу чараларын талкуулашты
18
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча  комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында жолдордогу авариялык абалы жана республикадагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу  боюнча кабыл алынып жаткан маселелер талкууланды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча республикада 1580 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда Уландысы

Максатбек Есеналиев юстиция министринин орун басары кызматына дайындалды
18
Бугу

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Есеналиев Максатбек Кульчороевич Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Равшан Абдуллаев КР юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду
18
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду. Ага ылайык Абдуллаев Равшан Бахтиярович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышат
18
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-майда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына (Түркия Республикасы) учуп кетти. Кеңешменин жүрүшүндө Газа Секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда. ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, өз курамына 57 мүчө-мамлекетти камтыйт. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 1-декабрынан тарта Уюмга мүчө болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларды сапаттуу аткарууну камсыздоону тапшырды
18
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 18-майда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. «Чыңгыз Айтматов – атамекендик жана дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка көрүнүктүү салым кошуу менен бизди, кыргыздарды жана Кыргыз Республикасын бүт дүйнөгө тааныткан адам. Жазуучунун инсандык кеңдигин эске алуу менен бардык маарекелик чаралар эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүшү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР