25 Бугу архиви

Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Карагулов Улан Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Улан башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Достук» көзөмөл-өткөрүү жайындагы кезек маселесин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-майда,  өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайындагы кырдаалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы акыркы мезгилде коомчулуктан өткөрүү бекеттериндеги, анын ичинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайындагы узун кезектерге көп сандаган даттануулар түшүп жатканын белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, өткөрмө бекеттери аркылуу өтүүдө өлкө жарандары жана чет Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнү тездетүүнү тапшырды
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешменин жүрүшүндө салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнү тездетүүнү тапшырды. Өнүккөн технологиялар салык базасын каттоону жакшыртууну шарттай турганын белгилеп кетүү кажет. Акциздик товарларды каттоо тармагындагы жаңы электрондук чечимдер салыктардын жыйналышын арттырып, «салык инспектору – бизнес-түзүмү» линиясындагы коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү кескин кыскартууну шарттап, ошондой Уландысы

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду
25
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР