26 Бугу архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Өкмөт жашоо сапатын жакшыртуу, өлкөнүн экономикасын жана аймактарын өнүктүрүү иштерин улантууга максималдуу түрдө багытталган»
26
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин ишине катышты. Анын жүрүшүндө аймактык саясат Концепциясы жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык»  Программасы сунушталды. «Аймактык саясат Концепциясынын башкы максаты – калктын берекелүү турмушу жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүнү камсыздоо болуп саналат. Концепциянын алкагында жергиликтүү өңдүрүштүк Уландысы

Айбек Кожошев Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды
26
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Айбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Ошол эле учурда Айбек Кожошев мурда ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Өкмөттө пробация институту жана УКТ каршы туруу маселеси боюнча мыйзамды өркүндөтүү механизмдери талкууланды
26
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 26-майда, Кыргыз Республикасында пробация институтун киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өз сөзүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында өлкө үчүн жаңы саналган социалдык-укуктук пробация институтун өз учурунда жана ийгиликтүү киргизүүнү камсыздоо боюнча милдет турат деп белгиледи. «Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, пробация институту соттук укук колдонуу тажрыйбасын гумандаштырууга, мыйзам бузган жактарды Уландысы

Мырзабек Адылбеков Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
26
Бугу

Мырзабек Адылбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты
26
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ак-Чий айылындагы «Бишкек» эркин экономикалык аймагында жайгашкан ишканалардын иши менен таанышты. Вице-премьер-министри иш сапарында министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү коштоду. «Бишкек» ЭЭА биздин өлкө үчүн кайталангыс экономикалык аянтча болуп саналат, ага жараша, көптөгөн ишкерлер бир кыйла ийгиликтерди багындыра алды. Бүгүн биз «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жаңы ишканаларды Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР