28 Бугу архиви

Эсенкул Момункулов КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору кызматынан бошотулду
28
Бугу

Эсенкул Момункулов Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек ара кызматынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
28
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Жолдош солдаттар жана сержанттар, прапорщиктер, офицерлер жана генералдар! Кымбаттуу ардагерлер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди чын жүрөктөн Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын күнү менен куттуктайм. Мекен Уландысы

Токтогул шаарынын мэри Марат Калмурзаев ээлеген кызматынан бошотулду
28
Бугу

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри Калмурзаев Марат (берген арызына ылайык) ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Бир айыл – бир продукт» долбоору аймактарды өнүктүрүүдө маанилүү курал болуп саналат
28
Бугу

«Бир айыл – бир продукт» долбоору аймактарды өнүктүрүү ишинде маанилүү болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн,  28-майда, «Бир айыл – бир продукт» Ассоциациясынын (БАБП) ишмердиги менен таанышуу учурунда. «Бүгүн Өкмөттүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт болуп аймактарды өнүктүрүү саналат. Коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу жаңы айыл чарба технологияларын жана билимдерди колдонуу менен гана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Балдардын онкогематология корпусунун курулушу аягына чыгарылат
28
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) балдардын онкогематология корпусунун курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. «Балдардын онкогематология корпусунун курулушу өлкөнүн калкы үчүн зор мааниге ээ. Өкмөт бул маселени жакшы түшүнүп, аңдап сезип турат. Коомдо жана айрым ЖМКларда бул объекттин курулушу токтотулары талкууланууда, – Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР