29 Бугу архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук тарых музейин реконструкциялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
29
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук тарых музейин реконструкциялоону аяктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчыга курулуш иштеринин жүрүшү, экспонаттар менен камсыздоо, ошондой эле экспозициялар концепциясы жана музейдин бизнес-планы тууралуу маалымдалды. Мамлекеттик тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков азыркы учурда реконструкция дээрлик аяктап калганын, медиастанцияларды жана интерактивдик үстөлдөрдү бир нече тилдеги кеңири маалымат менен ишке киргизүүгө Уландысы

Кубатбек Боронов Казакстан Республикасынын элчиси менен жолугушууда өлкөлөр ортосундагы өз ара натыйжалуу аракеттешүүнүн бир катар маселелерин талкуулады
29
Бугу

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокребаевди кабыл алды. К.Боронов К.Кокребаевди Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөөгө багытталган ишинде зор ийгиликтерди каалады. Андан соң тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун бир нече маселелерин талкуулашты. «Кыргыз жана казак Уландысы

Өкмөттө бузуулардын Бирдиктүү реестрин киргизүү маселелери талкууланды
29
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 29-майда, бузуулардын Бирдиктүү реестрин (ББР) киргизүүнүн алкагында  мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоо маселелерин талкуулоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде белгиленгендей. 2019-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси күчүнө кирет. Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан соттук-укуктук реформадан келип чыккан ченемдерди тажрыбайлык Уландысы

Өкмөттө балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү сунушталды
29
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ювеналдык юстиция боюнча ведомство аралык коородинациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 2014-2018-жылдарга балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү жана 2014-2017-жылдар аралыгындагы аталган программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышы, ошондой эле мыйзам бузган балдардын укугун коргоо боюнча маалыматтар угулду. Уландысы

Нурдинов Эсен Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
29
Бугу

Нурдинов Эсен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын БА боюнча Аймактык директору менен кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады
29
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-майда, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча Аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Өкмөт башчы Дүйнөлүк банкка өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди. Премьер-министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк Кыргызстан үчүн өнүгүү боюнча маанилүү өнөктөш болуп саналат. Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жаңы курамынын Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөттүн атынан аскер кызматкерлерин Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен куттуктады
29
Бугу

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан куттуктоо сөзүндө Жеңиш Разаков каармандык, мекенчилдик, кайратмандык жана жан аябастык илгертен бери кыргыз жоокерлеринин, айкөл Манастын даңктуу урпактарынын символу болуп келгендигин белгиледи. «Чейрек кылымдын ичинде саны боюнча чакан, мобилдүү, жогорку күжүрмөн эркке ээ болгон Кыргызстандын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты
29
Бугу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-майда, Бишкек шаарынын көчөлөрүн реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Атап айтканда, Өкмөт башчы Ч. Айтматов проспектисиндеги Семетей жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тилкесин көрүп чыкты. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун айтымында, бүгүнкү күндө аталган тилкедеги курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталган, аялдамаларга жана жол жээктерине асфальт төшөө, жол белгилерин чийүү жана орнотуу Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР