Кулжа 2018 айынын архиви

Ачык Өкмөт Улуттук форумунун биринчи жыйыны өттү
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 30-июнда, өзү тең төрайым болгон Ачык Өкмөт Улуттук форумунун биринчи жыйынына катышты. «Жарандык коом менен биргелешкен күч-аракеттерибиз аркылуу биз бардыгын кызыктырган актуалдуу маселелерди иштеп чыгабыз жана үстүбүздөгү жылдын июлунда Грузияда өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтүүчү  «Ачык Өкмөт» Саммитинде Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтөбүз деп ишенем», – деп белгиледи Алтынай Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев медициналык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
30
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Урматтуу медициналык кызматкерлер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөнүн жалпы медициналык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Медицина кызматкери – бул жүрөктөн чыккан максаттуу шык. Бул кесипти ойлонуу менен тандап, өмүр бою аны аркалашат. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Манас» аэропортуна JICA агенттигинин атынан жабдууларды берүү салтанатына катышты
29
Кулжа

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, япониялык эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) атынан «Манас» аэропортуна жабдууларды тапшыруу расмий салтанатына катышты. Премьер-министр Япония Өкмөтүнө жана JICAга өлкөгө көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоордун алкагында алынган техника жана жабдуулар учуулардын коопсуздугун камсыздоону жана «Манас» аэропортунун кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууну шарттай турганын белгиледи. «Учурда Япония Өкмөтү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев JICA Президенти Шиничи Китаока менен жолугушту
29
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA)  Президенти Шиничи Китаока менен жолугушту. «Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган учурдан тарта JICA биринчилерден болуп  ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда жардам көрсөтүүнү баштаган. Инфраструктураны, айыл чарбасын өнүктүрүү, кадрларды даярдоо, социалдык жана медициналык мекемелерди колдоого багытталган долбоорлордо JICAнын маанилүү ролун белгилеп кетким келет», – Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жакынкы арада өнүгүү түйүндөрү эсептелген 2 шаарды ишке киргизүү пландаштырылууда
29
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, «Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына карай: Кыргызстанда бардыгын камтыган жана туруктуу өсүштү колдоо» аттуу жогорку деңгээлдеги семинарга катышты. Премьер-министр өз сөзүндө Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасындагы негизги багыттарды, артыкчылыктарды жана максаттарды белгиледи. «Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү алкагында негизги иштер төмөнкү: агроөнөржай комплекси, жеңил өнөр жайы, туризм, Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы элдин талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан жана 2040-жылдарга чейин Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттарына дал келет
29
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, «Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына карай: Кыргызстанда бардыгын камтыган жана туруктуу өсүштү колдоо» деген жогорку деңгээлдеги семинарына катышты. Анда сүйлөгөн сөзүндө Өкмөт башчы БУУ жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү программасына, өнүктүрүү боюнча башка эл аралык өнөктөштөргө биз менен натыйжалуу кызматташтыгы жана көрсөткөн жардамдары үчүн чоң ыраазычылык Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Элчилигинин өкүлдөрү менен КР суу ресурстарын башкаруу маселесин талкуулады
29
Кулжа

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Элчилигинин өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу маселеси боюнча жолугушту. «Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн суу ресурстарын башкаруу маселеси артыкчылыктуу саналат. Буга байланыштуу Өкмөт тараптан суу тармагындагы долбоорлорду алга жылдыруу боюнча келип чыккан маселелерди чечүү жана бул жаатта оңдуу натыйжаларга жетишүү Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Нарын облусу 1 млрд 230 млн сомго 281 долбоорду ишке ашырууну пландоодо
28
Кулжа

«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Нарын облусу 1 млрд 230 млн сомго 281 долбоорду ишке ашырууну пландоодо», – бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 28-июнда, Нарын шаарындагы VI Эл аралык инвестициялык форумга катышуунун алкагында айтты. «Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана аймактын экономикасына инвестицияларды тартуу максаттарында өткөрүлүп жаткан бул форум зор мааниге ээ. Анткени аймактын Уландысы

1 2 3 16
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР