5 Кулжа архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн жүрүшү менен таанышты
5
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 5-майда, Талас облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кара-Буура районунун Шекер айылындагы Маданият үйү жана мектептин оңдоо иштери менен таанышты. Бул иштер эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чараларга даярдык көрүү боюнча Пландын алкагында аткарылууда. Музейге баруу учурунда улуу жазуучунун Үй-музейи жайгашкан Маданият үйүн оңдоого бюджеттен 5 млн сом Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Талас облусунун бир катар медициналык мекемелеринин иши менен таанышып чыкты
5
Кулжа

 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 5-июнда, Талас облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Талас районунун Көк-Ой айылындагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышып чыкты. Белгилей кетсек, 1983-жылы типтик долбоор боюнча курулган оорукананын имараты мурда Саламаттык сактоо министрлигинин балансынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына берилген. Имарат анда азыркыга чейин башталбай жаткан капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү Уландысы

Абдиев Каныбек Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
5
Кулжа

Абдиев Каныбек Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Хорватиянын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
5
Кулжа

Хорватиянын Премьер-министри Андрей Пленкович Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министр кызматына дайындалышыңызга байланыштуу Хорватия Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилден чыккан куттуктоолорду билдирем. Мен Сизге бул жооптуу кызматта максаттарды ишке ашыруудагы ийгиликтерди каалайм. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эки жактуу мамилелердин келечекте дагы туруктуу өнүгүүсүнө Уландысы

Өкмөттө күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы абал боюнча кеңешме болуп өттү
5
Кулжа

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын башынан бери карай республикада КММ карата чекене баа орточо алганда 5,8 % га жогорулады. Россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун кое берилген дүң баасынын жогорулашынын натыйжасында баа көтөрүүлүүдө. Орун алган Уландысы

Өкмөттө Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси талкууланды
5
Кулжа

 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 5-июнда, Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жеңиш Разаков билдиргендей, жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында жазык статистикасынын функциялары Башкы прокуратуранын жүргүзүүсүнө берилген. Кеңешменин жүрүшүндө Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын өлкөнүн ири инвесторлору менен өз ара аракеттенүү маселесин талкуулады
5
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-июнда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировдун катышуусунда инвесторлор менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда ири инвесторлорду тартуу үчүн бардык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР