7 Кулжа архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Коммерциялык банктар аймактарды өнүктүрүүдө активдүү катышуучулар боло алышат
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июнда, өлкө Президенти тарабынан 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоосу алкагында коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Премьер-министр Өкмөт тарабынан 2018-2022-жылдарга өлкөнүн 20 пилоттук шаарынын базасында өнүгүүнүн таяныч борборлорун түзүүгө багытталган Аймактык саясаттын концепциясы кабыл алынгандыгын эскертти. «Бүгүн аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул процессте коммерциялык банктар жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Коомдо кыз ала качуу жана аялдарга карата зомбулук көрсөтүү туура эместиги жөнүндө түшүнүк калыптанышы кажет»
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июнда, гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынына катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө аялдар жана балдар зомбулукка кабылган кайгылуу окуялар болуп жатат. «Бириккен Улуттук Уюмунун маалыматы боюнча, биздин өлкөдө ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Улуттук статистикалык комитети кылмыштардын жалпы санынын кыскарышы менен бирге аялдарга Уландысы

Өкмөттө «Тергөө соттору» институтун киргизүү маселесин талкуулашты
7
Кулжа

Кыргыз Респбуликасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, бүгүн, 7-июнда, «Тергөө соттору» институтун киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге Кыргыз Респбуликасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Жогорку соттун өкүлдөрү, ошондой эле Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыгууга катышкан эксперттер катышышты. «Тергөө соттору» институту өлкөдө жүрүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагындагы жаңы киргизүүлөрдүн бири болуп саналат. Жазык-процесстик кодексинин жаңы Уландысы

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Айыл чарбасын жана агробизнести өнүктүрүү аймактарды өнүктүрүүнүн локомотиви жана туруктуу өнүгүүнүн өзөгү болушу керек
7
Кулжа

Айыл чарбасын жана агробизнести өнүктүрүү аймактарды өнүктүрүүнүн локомотиви жана туруктуу өнүгүүнүн өзөгү болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 7-июнда, «Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыгы катары агробизнес тармагында кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» темасындагы тегерек үстөлдө билдирди. Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов азыркы тапта атамекендик айыл чарбасына мындан аркы өнүгүү максатында  бир катар актуалдуу маселелерди  Уландысы

Туризмди өнүктүрүү максатында туристтер үчүн интерактивдик карта жана электрондук маалыматтык борбор түзүлөт
7
Кулжа

Туризмди өнүктүрүү максатында туристтер үчүн Кыргыз Республикасынын интерактивдик картасы жана электрондук маалыматтык борбор түзүлөт. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын туризм тармагындагы эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү – Данияр Казаков, Гүлмира Карымшакова жана Евгений Тянь менен жолугушуусунда жетишилди. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментине: – сертификаттардын негизинде чет Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июнда, финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы – өлкөнүн Финансы жана экономикалык кызматкерлер күнү менен куттуктады. Төмөндө кутутктоонун текстин келтиребиз. “Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман кесиптик майрамыңыздар – өлкөнүн финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргызстандын мамлекеттик финансы-экономикалык саясаты ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө, социалдык жана Уландысы

«Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлду
7
Кулжа

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемеси жоюлду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментиндеги, «Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору» мамлекеттик мекемесиндеги тутумдук коррупцияны демонтаждоо боюнча Кыргыз Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын ишмердиги жөнүндө кеңешме өткөрдү
7
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын ишмердиги жөнүндө кеңешме өткөрдү. «МКУ» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жумагүл Эгамбердиева учурда дээрлик 86 миң үй камсыздандырылганын маалымдады. «Турак жайларды жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөн камсыздандырууда калктын 80%ында камсыздандырууга зарыл болгон документтердин жоктугу негизги көйгөй болуп саналат.  Буга байланыштуу үйлөрдү эксплуатацияга жеңилдетилген берүү жана калкка техникалык паспортторду төмөндөтүлгөн Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР