8 Кулжа архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна барды
8
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барды. Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу салтанатына катышып, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы “Жийде-Бак” үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары ал Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын ӨКМ кызматкерлери үчүн турак-жайды өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүүнү тапшырды
8
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн каралган 24 квартиралуу турак-жайдын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, курулуш иштери 2017-жылдын июнь айында башталган. Учурда иштер 70 %га жыйынтыкталган, канализациялык түтүктөрдү, жылытуу жана электр тутумун орнотуу иштери Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Айыл чарба кооперативдер тарамагын кеңейтүү – Өкмөттүн агрардык саясатындагы артыкчылыктуу багыт
8
Кулжа

«Айыл чарба кооперативдер тарамагын кеңейтүү Өкмөттүн агрардык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат», – деп билдирди бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын районунун Жан-Булак айылындагы «Жийде-Бак» үрөн чарбасынын иши менен таанышууда. Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Семетей Черикбаев маалымдагандай, аталган чарбанын айдоо аянты 100 га түзөт, райондогу 13 үй-бүлө анын мүчөсү болуп Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ак-Талаа районундагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин жыйынтыктоону тапшырды
8
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин маалыматы боюнча, 1967-жылы курулган аталган көпүрөнүн узундугу 141 метрди түзөт. 2017-жылдын апрель айында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында көпүрө тирөөчтөрүнүн суу астында калгандыгы аныкталган. Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Коррупция өлкөнү өнүктүрүү жолундагы олуттуу тоскоолдук болуп саналат
8
Кулжа

«Коррупция өлкөнү өнүктүрүү жолунда олуттуу тоскоолдуктарды жаратып, мамлекеттик түзүлүштүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин жыйынында. Вице-премьер-министр белгилегендей, коррупция улуттук коопсуздукка реалдуу коркунуч келтирүүдө, буга байланыштуу бул проблема Кыргыз Республикасынын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районундагы мектептин курулушуна капсула коюу аземине катышты
8
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Аталган мектеп райондук борбордон 30 км алыстыкта жайгашкан. Ал 2 окуу корпусунан турат жана анда 136 бала билим алат. Учурда мектептин шыбынан жана дубалдарынан жарака кеткен. Мындан тышкары, мектеп Уландысы

Республикада чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди
8
Кулжа

Кыргыз Республикасында чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын аймагында транспортук каражаттарды каттоонун, кайрадан каттоонун жана каттоодон чыгаруунун, орнотууларды жана жабдууларды каттоонун бирдиктүү тартибин киргизүүгө, транспорттук каражатты пайдаланууга берүүнү тартипке келтирүүгө  багытталган. Чет элдиктер үчүн унаанын жаңы Уландысы

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси бекитилди
8
Кулжа

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Калктын саламаттыгын сактоонун ажырагыс бөлүгү катары дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жашоо үчүн маанилүү дары-дармектеринин тизмеси  – бул саламаттык сактоонун артыкчылыктуу муктаждыктарын камсыздаган, жоктугу бейтаптардын ден соолугуна жана жашоосуна Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР