11 Кулжа архиви

Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды
11
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Намазалиев Алтынбек Абдисаламович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Чодуров Касымбек Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду
11
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык, Чодуров Касымбек Жалилович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунуштамасынын негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек жана Ош шаарларында жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдү түзүү мүмкүндүгүн кароону сунуштады
11
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек жана Ош шаарларында жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдү түзүү мүмкүндүгүн кароону сунуштады. Белгилей кетсек, тарыхый, музей, оюн-зоок, маданий-көргөзмөлүү аянтчасы, тейлөө жана соода объектиси каралган туризмдин борбору болуп эсептелген ири заманбап шаарлардын шаар куруу тажрыйбасы жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдү түзүү жана аны пайдаланууда жетиштүү тажрыйба топтой алды. Элдик жана көркөм кол Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР