12 Кулжа архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведевди Россиянын күнү менен куттуктады
12
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевди Россиянын күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында төмөнкүдөй айтылат: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сизди мамлекеттик майрам – Россиянын күнү менен куттуктоого уруксат этиңиз. Кыргызстан менен Россияны кыргыз-россия кызматташуусун мындан ары ар тараптуу өнүктүрүү жана стратегиялык өнөктөштүк менен союздук мамилелерди чыңдоо үчүн бекем пайдубал Уландысы

Бир катар шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары республикалык бюджеттен каржылоого которулат
12
Кулжа

Жергиликтүү бюджеттен каржыланган бир катар шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулат. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечимди социалдык коргоону мындан аркы оптимизациялоо жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн бирдиктүү шарттарын түзүү зарылдыгы шарттады. Белгилей кетсек, 2012-жылы мурда Уландысы

КР ЖК Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети Премьер-министрдин Өкмөттүн 2017-жылдагы ишинин отчетун эске алды
12
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчетун берди. Комитеттин жыйынынын жүрүшүндө Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети жыйындын жыйынтыгы боюнча Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы аймактарды өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди
12
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчетун берүүнүн жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү чаралары тууралуу айтып берди. Премьер-министр КР Президенти 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоосунун алкагында кичи шаарларды жана айылдарды өнүктүрүү Өкмөттүн “Биримдик, Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2017-жылы Өкмөттүн программаларынын аткарылышы 90,1%ды түздү
12
Кулжа

 «2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишеним жана биримдик» жана «Жаңы доорго – кырк кадам» программаларынын аткарылышы 90,1 %ды түздү», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчетун берүүнүн жүрүшүндө билдирди. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР