19 Кулжа архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна барды
19
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Өкмөт башчы сел жүргөн Лейлек районунун Чимген жана Катран айылдарына, Баткен районунун Кара-Бак айылына барып, ошондой эле турак үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн абалы менен таанышты. Мындан тышкары Премьер-министр Исфана-Кайрагач унаа жолунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинин жана Кулунду-Батыш тилкесиндеги көпүрөнүн курулушунун абалы менен таанышып Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт агрардык продукцияны кайра иштетүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантат
19
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 19-июнда, Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Алтын Аймак» кайра иштетүүчү ишканасынын иши менен таанышып, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушту. Ишкана менен таанышуу учурунда Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан мындай долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи. «Ар бир регион өз мүмкүндүгүн эске алуу менен өнүгүүсү зарыл. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен шаарындагы эки мектептин абалы менен таанышты
19
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 19-июнда, Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы эки мектептин абалы менен таанышты. Кызыл-Жол мектебинин директору Махабат Алимова маалымдагандай, бүгүнкү күндө мектепте болжол менен 600 окуучу үч сменде билим алат. Мектеп төрт корпустан турат, анын үчөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу боюнча авариялык абалда деп таанылган. Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен Түркиянын элчиси Женгиз Камиль Фырат ДКОну чагылдыруу маселесин талкуулашты
19
Кулжа

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жолугушту. Жолугушууга алдыңкы түрк компанияларынын өкүлдөрү жана ишкерлер катышышты. Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын түрк телеканалдарында чагылдыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы кеңейтүү маселелерин талкуулашты. «Түрк телеканалдары Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР