20 Кулжа архиви

Эркин Чечейбаев КР саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Олег Горин КР мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп ээлеген кызматынан бошотулду
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу менен Горин Олег Вячеславович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Мадаминжан Каратаев КР саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Каратаев Мадаминжан Мусаевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Амангельды Мурзалиев саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду
20
Кулжа

Мурзалиев Амангельды  Джолдошбекович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  кол койду.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Гидроэнергетикалык тармак Борбор-Азиялык аймактын бардык өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү катализатору болуп саналат
20
Кулжа

«Гидроэнергетикалык тармак Борбор-Азиялык аймактын бардык өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү катализатору болуп саналат», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) өткөн «Суу туруктуу өнүгүү үчүн» Эл аралык он жылдык аракеттер боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын жүрүшүндө. Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн суу пайдалануу маселесине буруу боюнча тажик тараптын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июнда, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу, объектилердин курулушу, коопсуздукту камсыздоо жана демөөрчүлүк каражаттарды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. «Жакында ири түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Turkish Airlines» ири авиакомпаниясы көчмөндөр оюндары тууралуу роликтерди Уландысы

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү
20
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 2018-жылдын 16-июнунда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү.  Баарлашуунун жүрүшүндө Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев окуяга байланыштуу терең өкүнүү билдирди. «Сиздерге тез арада сакайып чыгууну каалап, өзүңүздөр үчүн ыңгайлуу убакытта Кыргыз Республикасына келип эс алып кетүүгө чакырабыз. Дүйнөдөгү бийик Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР