21 Кулжа архиви

«ТКЦ» ЖАК салыктары мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы ортосунда 50% үлүштө бөлүштүрүлөт
21
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карамат Орозова бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында маалымдагандай, «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык төлөмдөрү толугу менен Ош облусунун жергиликтүү бюджетине жумшалат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты учурда «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык төлөмдөрү мурдагыдай эле Баткен облусу жана Ноокат райондук администрациясы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Коом өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарын кыскартуу боюнча чечкиндүү кадамдарды күтүүдө
21
Кулжа

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-июнда, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу процесси аяктаганын маалымдады. «Биз жакынкы айларда бул долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандоо сынагы жарыяланарын пландап жатабыз. Жалданма бардык зарыл болгон жол инфраструктурасын Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Азербайжандын Элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту
21
Кулжа

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. «Мен сиз аркылуу Азербайжан Республикасындагы Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен Азербайжан Республикасын куттуктайм.  Кыргыз Республикасы эки тараптуу өз ара ишенимге жана бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды сыйлоого таянган эки жактуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу маани берет», – Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР