Теке 2018 айынын архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөттүн алдынкы милдеттеринин бири – аймактарды социалдык-маданий объектилер менен камсыздоо
31
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 31-июлда, 2018-жылы аяктоо пландалып жаткан социалдык объектилердин, жолдордун жана ирригация объектилеринин курулуш маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.  Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкө Президенти тарабынан 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоонун алкагында Өкмөттүн алдынкы милдеттеринин бири – жер-жерлерде калктын жашоосун жана бүтүндөй аймактардын бакубатчылыгын жакшыртуу болуп саналат. «Өкмөттүн алдынкы милдеттеринин бири – Уландысы

Кыргызстанда «Евразия санариптик платформалары» сынагынын жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
30
Теке

Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 21-июлунда «Ысык-Көл – 2018» экономикалык форумунун аянтында өткөн Эл аралык инновациялык долбоорлордун жыл сайын өтүүчү «Евразия санариптик платформалары» сынагынын жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды.  «Евразия санариптик платформалары» сынагына Кыргыз Республикасынан 30га жакын долбоор катышты. Долбоорлорду баалоонун жыйынтыгы боюнча жарым финалга 12 долбоор чыгып, алардын төртөө жеңишке жетишти: -«ЕАЭБ санариптик келечеги» номинациясында «Турак жай Уландысы

Химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулушу 2018-жылдын 1-октябрына карата аякташы керек
28
Теке

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 28-июлда, энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында Бишкек шаарынын ЖЭБине барды. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров Бишкек шаарынын ЖЭБинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жана капиталдык курулуштун жүрүшү тууралуу маалымдады. «Бардык иштер графикке ылайык жүрүүдө. Аны менен бирге жабдууларды оңдоодон тышкары маанилүү маселе – химиялык Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕӨАК кезектеги жыйынына катышты
27
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташууларын мындан аркы тереңдетүү маселелери каралды. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
27
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда, Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул жолугушуу Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, кыргыз-россия союздаштык мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүүнү улантууда, активдүү саясий-экономикалык диалог сакталууда. Аны менен бирге бардык деңгээлдеги байланыштар ишке ашырылууда, алар сөзсүз түрдө, эки жактуу Уландысы

ЕӨАК жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту
27
Теке

Бүгүн, 27-июлда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту. Төмөндө документтердин тизмеси келтирилген: 1. Евразия экономикалык биримдигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө. – Тапшырма. 2. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы №2 Тапшырмасын аткаруу боюнча иштердин жүрүшү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ар кандай тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү – ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи
27
Теке

Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жолтоо болгон тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү интеграциялык биримдиктин негизи болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) жыйынында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүнүн дагы бир өбөлгөсү болуп Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Санкт-Петербургда ЕӨАК кезектеги жыйынына катышууда
27
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) тар чөйрөдөгү жыйынына катышууда. Тар чөйрөдөгү жыйындын башталышында ЕӨАК жыйынына төрагалык кылган Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү салтанаты өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн интеграциялык биримдиктин алкагындагы кызматташууларынын актуалдуу маселелери каралды. Евразия  Уландысы

1 2 3 12
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР