Теке 2018 айынын архиви

2018-2019-окуу жылына жогорку окуу жайларда гранттык негизде окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди
3
Теке

2018-2019-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 2018-2019-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилген, анын ичинен 4903 орун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бөлүштүрүлгөн. Калган Уландысы

«Евразия санариптик платформалары» сынагына билдирмелерди кабыл алуу уланууда
3
Теке

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ишкерлеринин арасында алардын инновациялык долбоорлору сунуштала турган «Евразия санариптик платформалары» сынагына билдирмелерди кабыл алуу уланууда. Сынак төрт номинация боюнча өткөрүлөт: – «ЕАЭБ санариптик келечеги» – жаш иштеп чыгуучулар үчүн (стартаптар); – «ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн мыкты технологиялык чечимдер» – программалык камсыздоо, вендорлор, интеграторлор менен алектенген ири компаниялар Уландысы

Айбек Кадыралиев КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
3
Теке

Айбек Кадыралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Айтмамат Кадырбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
3
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык, Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду
3
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич берген арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Азамат Оморов КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
3
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Оморов Азамат Каныбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик активдерди башкаруу ишмердигин сынга алды
2
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын ишмердиги маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү жана мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери коомдо кыйла курч турат. Премьер-министр мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын көпчүлүк бөлүгү башкаруу сапатынын төмөндүгүнөн рентабелдүү эмес жана чыгашалуу Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» турак-жайдын жеткиликтүүлүгү принцибин милдеттүү түрдө аткаруусу тийиш
2
Теке

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик турак-жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев ведомстволор аралык комиссияга «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу алкагындагы, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу «Жеткиликтүү ипотека» багытын ишке ашыруу жана «Кийинчирээк сатып алуу менен ижаралык турак-жай» механизминин алкагында Уландысы

1 10 11 12
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР