Теке 2018 айынын архиви

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов АӨБ өкүлдөрү менен Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорун талкуулады
27
Теке

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 27 июлда, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДэйган менен жолукту. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кэндис МакДэйганга республиканын энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Азыркы тапта Азия өнүктүрүү банкы энергетикалык тармактагы жалпы суммасы 320 млн АКШ долларын  түзгөн төрт ири долбоорду каржылоодо. Алардын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕӨАК кезектеги жыйынына катышат
26
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 27-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат. Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат. Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо Уландысы

Лола Абибова Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды
25
Теке

Лола Абибова Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Асылкан Раманкулова Сузак районунун акиминин орун басары кызматынан бошотулду
25
Теке

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары Асылкан Раманкулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Билим берүү ишмердигин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди
25
Теке

Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Бул чечим Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоону тартиптештирүү максатында кабыл алынды. Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоо Убактылуу жобосунун долбоору менен төмөнкүлөр каралган: -  Транспорттук каражаттардын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү ишмердигине уруксат берүүдө Уландысы

Жылкыбаев Узарбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
25
Теке

Жылкыбаев Узарбек Казиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

«Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Өкмөттүн токтом долбоору жөнүндө
24
Теке

«Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү билдирет.  «Кыргыз Республикасынын аймагында Уюлдук байланыш жабдууларын идентификациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-1-беренесин аткаруу үчүн иштелип чыккан, ага ылайык уюлдук Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Суудагы коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керек
24
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-июлда, өлкөнүн көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.  Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, курорттук мезгилдин башталышы менен суудагы кырсыктардын саны өстү. «Мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу жана пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлеринин эс алуучулардын коопсуздугуна карата шалаакы мамилеси жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч алып келүүдө. Уландысы

1 2 3 4 12
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР