Теке 2018 айынын архиви

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Фискалдаштырууну киргизүүнү ыкчамдатуу салык тармагындагы көйгөйлөрдү четтетет
23
Теке

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын кеңешмесине катышты. Кеңешмеде 2018-жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салык карыздарын төлөтүп алуу боюнча иштин абалы, салык органдарынын салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ишинин жыйынтыгы, ошондой эле жергиликтүү салыктарды, атайы салык режимдерин Уландысы

Бакытбек Дюшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
23
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде кол койгон буйрукка ылайык Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин  Дюшембиев Бакытбек Осмонович мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эльдар Алишеров КР экономика министринин орун басары болуп дайындалды
23
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Алишеров Эльдар Туралиевич Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун ичүүчү суу менен камсыздайт
23
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев учурда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана Уландысы

Кубатбек Боронов: Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү мейкиндигин кеңейтүүнүн бардык мүмкүндүктөрүнө жана потенциалына ээ
21
Теке

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-июлда, Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Ысык-Көл – 2018» V Эл аралык Экономикалык форумуна катышты. Форумду ачып жатып Кубатбек Боронов белгилегендей, 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланып, ага ылайык экспорттук потенциалды колдоого, орто жана чакан ишкерликке, инвестицияларды тартууга, өлкөнүн аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор көңүл бурулууда. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мал чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн бир катар адамдарга сыйлык тапшырды
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты.  Чогулуштун алкагында Өкмөт башчы энчилүү сааттар менен төмөндөгүлөрдү сыйлады: – Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагындагы “Аракет-Агро” дыйкан чарбасынын башчысы Таир уулу Акматалы; – Кыргыз Републикасынын ветеринардык статуардык органынын тренер-консультанты Абдрасулов Абдугани Халмурзаевич. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Сосновка» постунун жана салмак көлөмдүк контролдоо пунктунун ишин көзөмөлдөдү
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Бишкек–Ош унаа жолундагы «Сосновка» постунун иши менен таанышты, учурда мында төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук тутуму пилоттук режимде иш алып барууда. Өкмөт башчыга маалымдалгандай, постто датчиктер, видеокөзөмөлдөө камералары жана пост аркылуу өтүп жаткан транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп турган борбордук сервер менен интеграциялашкан Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү жылы алкагындагы Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири – мал чарбачылыгы тармагын жакшыртуу
20
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, мал чарбасы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары саналат. «Өлкө Президентинин Жарлыгына ылайык, 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган, аймактык саясаттын башкы максаты – элибиздин жашоо-шартын жакшыртып, республиканын аймактарын өнүктүрүү. Бул Уландысы

1 2 3 4 5 12
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР