3 Теке архиви

2018-2019-окуу жылына жогорку окуу жайларда гранттык негизде окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди
3
Теке

2018-2019-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 2018-2019-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилген, анын ичинен 4903 орун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бөлүштүрүлгөн. Калган Уландысы

«Евразия санариптик платформалары» сынагына билдирмелерди кабыл алуу уланууда
3
Теке

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ишкерлеринин арасында алардын инновациялык долбоорлору сунуштала турган «Евразия санариптик платформалары» сынагына билдирмелерди кабыл алуу уланууда. Сынак төрт номинация боюнча өткөрүлөт: – «ЕАЭБ санариптик келечеги» – жаш иштеп чыгуучулар үчүн (стартаптар); – «ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн мыкты технологиялык чечимдер» – программалык камсыздоо, вендорлор, интеграторлор менен алектенген ири компаниялар Уландысы

Айбек Кадыралиев КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
3
Теке

Айбек Кадыралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Айтмамат Кадырбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
3
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык, Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду
3
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич берген арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Азамат Оморов КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
3
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Оморов Азамат Каныбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР