7 Теке архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын экинчи күнү аяктады
7
Теке

Өкмөт башчы бүгүн, 7-июлда, Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) борборуна барып, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты. Мындан тышкары Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө ал Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышып чыкты. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстандын агроөнөр жай комплекси ишке ашырылбаган зор потенциалга ээ
7
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ак-Суу районунун Тепке айылындагы дыйкан чарба ишмердиги менен таанышты. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Өкмөт башчыга маалымдагандай, ишкана облустун асыл тукум мал чарбачылыгындагы жана үрөн чарбачылыгындагы алдыңкы чарба болуп саналат. «Комплекс эки миң гектардан ашуун Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышты
7
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышты. Шаар мэри Данияр Карагулов билдиргендей, быйылкы жылы калаанын беш көчөсүнө жаңылап асфальт төшөө пландалган. Бирок каражаттардын жетишсиздигине байланыштуу мэрия пландаштырылган иштерди аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Өкмөт башчы жолдордун курулушунун бөлүгүн республикалык бюджеттин Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каракол шаарында «Бир айыл – бир продукт» долбоору менен таанышты
7
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) борборуна барып, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты. JICAнын республикадагы туруктуу өкүлү Кикучи Казухико Өкмөт башчыга аймакта бизнести өнүктүрүү ишмердиги тууралуу айтып берди. «Биздин уюм ишкерликти жаңы баштагандарга Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жыл жыйынтыгы боюнча ар бир жетекчинин иши түзүлгөн жумуш орундарынын санына жараша бааланат
7
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында өткөн Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Ал өз сөзүндө белгилегендей, Салык, Кылмыш жана Административдик Кодекстеринин алкагында экономикалык маселелерди декриминалдаштыруу иштери катуу күчөтүлөт. «Ишкерлердин жана бизнестин кызыкчылыктарын өз учурунда жана максаттуу коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун түзүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Түз инвестициялар аймактарды өнүктүрүүдөгү башкы ресурс болушу керек
7
Теке

«Түз инвестициялар аймактарды өнүктүрүүдөгү башкы ресурс болушу керек», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында өткөн Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө. Премьер-министр белгилегендей, жакынкы беш жылда инвестициялардын жылдык көлөмү 300 млн АКШ долларына жетиши керек. Премьер-министрдин айтымында, жыйынтыгында ар Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өнүгүү түйүндөрү эсептелген 20 шаарды өнүктүрүү Программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык багытындагы реформалардын башаты болот
7
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында өткөн  Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү – жакынкы бир нече жылдарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. «Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков Премьер-министр катары иштеп жаткан кезинде 2018-2022-жылдарга карата Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР