11 Теке архиви

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы тутумдун иши менен таанышты
11
Теке

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 11-июлда, мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы бир катар автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын иши менен таанышты. Анын ичинде  «ЭЛЕК» ветеринардык сертификаттарын электрондук көзөмөлдөө тутумун камсыздоо боюнча маалыматтык автоматташтырылган программанын ишинин, малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун, малдын илдеттери боюнча райондук маалыматтык тутумунун жана DOGS  иттерди каттоо жана идентификациялоо тутумунун бет ачары болду. Уландысы

КР калкын каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре өткөрүү пландаштырылууда
11
Теке

 Калкты жана турак-жай фондун каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре өткөрүү пландаштырылууда. Бул туурасында бүгүн, 11-июлда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өткөн Калкты жана турак-жай фондун 2020-жылы каттоого алуу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында белгилүү болду. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, калкты жана турак-жай фондун каттоого алуу – мамлекеттик маанидеги иш-чара. «Каттоо Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды
11
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-июлда, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Премьер-министр келечекте өз ара кызыкчылыктарды жараткан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу маалымдады, ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде жемиштүү саясий-экономикалык диалог түзүлгөндүгүн белгиледи. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Улук вице-президенти Сендри Окоро менен жолугушту
11
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Улук вице-президенти Сендри Окоро менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташууну тереңдетүү, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоолорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Премьер-министр белгилегендей, учурда 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясы ишке ашырылып жатат, ал кыйла активдүү жана максаттуу багытталган мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашырууну көздөйт. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР