16 Теке архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы биз үчүн актуалдуу
16
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында Грузия Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердиги менен таанышты. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн өлкөдө экономиканын бир катар тармактарында, анын ичинде фискалдык органдардын ишмердигинде реформалар жүрүп жатат. «Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын туризм тармагын жана пенсиялык тутумун реформалоо тажрыйбасы менен таанышты
16
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин Саммитине катышуунун алкагында Грузия Республикасынын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлигинин ишмердиги менен таанышты. Өкмөт башчыга Грузия Республикасындагы туризм жана пенсиялык тутумундагы реформалар тууралуу бет ачар сунушталды. Грузиянын экономика жана туруктуу өнүктүрүү министринин орун басары Екатерине Микабадзе белгилегендей, туризм өлкө экономикасынын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Грузиянын Премьер-министри Мамука Бахтадзе эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
16
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү Эл аралык демилгеси саммитине катышуу алкагында Грузия Республикасынын Премьер-министри Мамука Бахтадзе менен жолугушту. Мухаммедкалый Абылгазиев Мамука Бахтадзени Грузия Өкмөтүнүн Башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады жана аталган жолугушуу эки тараптуу күн тартипте жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишеним билдирди. «Кыргыз Республикасы Грузия Республикасы менен мындан ары Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ачык Өкмөт» Саммитине катышуу үчүн Грузияга келди
16
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Тбилиси шаарына (Грузия Республикасы) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-чи Саммитине катышуу үчүн келди.  Сапардын алкагында Премьер-министр ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүп, Грузиянын мамлекеттик башкаруу тутумун, салык, бажы тармактарын реформалоо боюнча жана башка тажрыйбалары менен таанышат. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Уландысы

Өкмөттө бажы тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар талкууланды
16
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бажы тутумун өркүндөтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.  Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн бажы органдарынын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси актуалдуу болуп саналат. Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө бажы түшүүлөрүнүн маанилүү салымы менен катар атамекендик бажы тутумунда көптөгөн көйгөйлөр бар. Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкөнүн Евразиялык Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Швейцариянын Экономика, билим берүү жана иликтөөлөр федералдык департаментинин башчысы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады
16
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Швейцариянын Экономика, билим берүү жана иликтөөлөр федералдык департаментинин башчысы (экономика министри) Йоханн Шнайдер-Амман менен жолугушту.  «Мен ырааттуу өнүгүү мүнөзүнө ээ болгон кыргыз-швейцариялык мамилелердин деңгээлин жогору баалайм. Дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык мезгилинде Швейцария Кыргыз Республикасына 370 млн АКШ долларына жакын өлчөмдө гранттык көмөк көрсөттү. Биз Швейцария тарабынан көрсөтүлүп жаткан Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР