23 Теке архиви

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Фискалдаштырууну киргизүүнү ыкчамдатуу салык тармагындагы көйгөйлөрдү четтетет
23
Теке

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын кеңешмесине катышты. Кеңешмеде 2018-жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, салык карыздарын төлөтүп алуу боюнча иштин абалы, салык органдарынын салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ишинин жыйынтыгы, ошондой эле жергиликтүү салыктарды, атайы салык режимдерин Уландысы

Бакытбек Дюшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
23
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде кол койгон буйрукка ылайык Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин  Дюшембиев Бакытбек Осмонович мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эльдар Алишеров КР экономика министринин орун басары болуп дайындалды
23
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Алишеров Эльдар Туралиевич Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун ичүүчү суу менен камсыздайт
23
Теке

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев учурда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР