25 Теке архиви

Лола Абибова Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды
25
Теке

Лола Абибова Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Асылкан Раманкулова Сузак районунун акиминин орун басары кызматынан бошотулду
25
Теке

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары Асылкан Раманкулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Билим берүү ишмердигин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди
25
Теке

Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Бул чечим Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоону тартиптештирүү максатында кабыл алынды. Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоо Убактылуу жобосунун долбоору менен төмөнкүлөр каралган: -  Транспорттук каражаттардын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү ишмердигине уруксат берүүдө Уландысы

Жылкыбаев Узарбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
25
Теке

Жылкыбаев Узарбек Казиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР