Баш оона 2018 айынын архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты
31
Баш оона

]Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
31
Баш оона

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Биздин биргелешкен күч-аракеттер мындан ары карай да белорус-кыргыз соода-экономикалык кызматташтык динамикасын өнүктүрүгө, Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталаарына ишенем», – деп айтылат куттуктоодо. Премьер-министр Сергей Румас Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге чың ден-соолук, бакубаттуулук жана алдыга койгон пландардын ишке ашырылышын Уландысы

Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
31
Баш оона

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Тажикстанда биздин өлкөлөр ортосундагы түзүлгөн достук жана коңшулук салттуу байланыштарды жогору баалашат. Ириде өз-ара сый, ишеним жана өз-ара түшүнүшүү принциптерине негизделген тажик-кыргыз мамилеси келечекте да эки өлкө элдеринин бакубаттуулугу үчүн өнүгүп-өсө берээрине ишеним билдирем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Уландысы

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
31
Баш оона

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Достук, өнөктөштүк жана биримдик принциптерине негизделген россия-кыргыз мамилелери бир катар багыттар боюнча өнүгүүдө. Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чыңдалууда. Энергетика, өнөр-жай, илим жана маданият тармагында биргелешкен долборлор ишке ашырылууда. Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы интеграциялык өз-ара аракеттешүү терендетилүүдө. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ӨКМ түзүмдөрүнө атайы унааларды жана жабдыктарды тапшыруу аземине катышты
30
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-августта, Япония Өкмөтүнүн жана БУУӨП колдоосу астында «Кыргыз Республикасындагы тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү жана Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрү үчүн берилген атайы унааларды жана жабдыктарды тапшыруу аземине катышты. Өкмөт башчы бүгүнкү окуянын жалпы өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул биз үчүн Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдөгү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине карата даярдыктарды текшерди
29
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна бир күндүк жумушчу сапары менен барып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди. Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий иш-чаралар өтө турган Кырчын жайлоосуна барды. Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдыгын текшерип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына карата репетицияга күбө болду. Премьер-министр ошондой Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алдыдагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү
29
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-августта, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында алдыда өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Мамлекет башчыларынын саммитине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. «Президент Сооронбай Жээнбеков башында турган жалпы командабыз аталган иш-чараларга тыкыр даярдык көрүү ишин жүргүздү. Биз тараптан бардык каржылоо маселеси өз учурунда чечилди. Дүйнөлүк Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады
29
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жыл сайын өтүүчү «Эң мыкты айыл өкмөтү»  сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. «Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2018-жылдын «Аймактарды өнүктүрүү жылы» катары жарыяланышы символикалык мааниге ээ. Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашай турганын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарды өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди көрүүнү мындан ары да улантат. Коюлган Уландысы

1 2 3 11
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР